Доктор Солах «Имам аль-Бухарий» ислам институнун студенттери менен жолукту

Иорданиянын Эл аралык ислам илимдер университетинин «Ханафи, фыкх» факультетинин деканы, доктор Солах Мухаммад Саалим Абу Хаж илимий сапары менен Ош шаарына келди. Ал Ошко болгон сапарында алгач белгилүү ханафи аалымы Имам Сарахсинин күмбөзүн зыярат кылды. Андан соң «Имам аль-Бухарий» ислам институтуна барып, окуу жайдын жамааты жана студенттери менен жолугушту. 

«Дүйнөгө белгилүү сунний аалымы доктор Солахтын Кыргызстанга, анын ичинде Өзгөнгө келишин тарыхый момент деп айтар элем», – деп билдирди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.

Жолугушууда мазхаб кармануунун артыкчылыктарына токтолгон доктор Солах: «Мазхаб кармануу өтө зарыл маселе. Бардык чыр-чатактар мазхабсыздыктан келип чыгууда. Силер акыйдада Матуридиликти, амалда Ханафий мазхабын бекем кармангыла», – деди. Ал мындан сырткары кыздарды тереңдеп илим алууга чакырды.

Эскерте кетсек, доктор Солах бул сапарынын алкагында Ош шаарынын «Сулайман-Тоо», Алай атындагы «Бухарий» жана ошондой эле «Имам Хасан» мечиттеринде баяндама жасайт.