Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев теология факультетинин окутуучулары менен жолукту

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев ОшМУнун теология факультетинин деканы, доктор Зайлабидин Ажимаматов жана декандын орун басары, профессор Юсуф Доган менен жолукту.

Юсуф Доган: «Биздин сапарыбыз карыды. Бул жерде бир жылга чукул кызмат кылуу насип болду. Ушул аралыкта абдан жакшы кызматташтык», – деп билдирди.  

Ал эми Сайдамир ажы Жейналиев Диянет фонду жана теология факультети менен жакындан кызматташууга даяр экенин билдирди. 

«Сиздердин факультет мыкты диний кадрларды даярдап келет. Билим берүүдө мол тажрыйбага ээсиздер. Сиздер менен имамдар үчүн атайын курстарды уюштуруу сыяктуу долбоорлорду ишке ашырабыз деген максаттар бар», – деди ал.