Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нуридинов иш сапары менен Баткен казыятына барды

Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нуридинов иш сапары менен Баткен казыятына барып,  облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана казыят кызматкерлери менен жолугушту. Казыяттын эмгек жамааты менен жолугушууда БТК төрагасы казыят, хатибият жана мечиттердин мүлкүн каттоо тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Андан соң Баткен облусундагы район, шаарлардын баш имам хатибдерине жыйын өткөрүп, аймактагы дин кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.