Нарын шаарында “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү алдында ооруканага келген жарандар үчүн чакан намазкана ачылды

Нарын шаарында   “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү алдында ооруканага келген жарандар үчүн чакан намазкана ачылды. Салтанаттуу аземге Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов, “Ассанабил” коомдук фондунун мүдүрү Мохаммед Али Абдалькарим жана оорукананын директору Чынгыз Нарынбеков катышты.

«Ден соолугун бекемдөө үчүн же дарылануу үчүн келген жарандарыбыз үчүн абдан жакшы шарт түзүлдү. Эми бейтаптар өздөрүнүн ибадаттарын дагы кылып, Алла Тааладан шыпаа тилеп, намаздарын калтырбай окуп турушат»,-деди облус казысы.

Ал эми жергиликтүү тургундар намазкананын ачылышы менен коом оңолуп, жаштар ыймандуу болсо деген жакшы ниеттерин айтышты.