«Куран жазы» аттуу алгачкы жолку уюштурулган Республикалык Куран жарышынын финалдык жыйынтыгы чыгарылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, «Бай Дыйкан» айыл-чарбаны колдоо борборунун демөөрчүлүгү менен «Куран жазы» аттуу алгачкы жолку уюштурулган Республикалык Куран жарышынын финалдык жыйынтыгы чыгарылды.

Финалдык таймаш кечээ, 25-сентябрь күнү Базар-Коргон шаарынын «Актайлак-Ата» борбордук мечитинде орун алды.

Куран жарышына Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баш болгон дин аалымдары жана калыстар тобунун чечими менен төмөнкү карылар жеңүүчү аталып, сыйлыктар тапшырылды.

Курандын 30 парадан жатка окуу боюнча;

1-орун: Маллабаев Иброхим, Баткен облусу. (200 000 сом акчалай сыйлык жана Умра сапарына жолдомо)

2-орун: Бахрамов Абдуразак, Ош шаары. (150 000 сом акчалай сыйлык)

3-орун: Карибов Асхаб, Чүй облусу. (100 000 сом акчалай сыйлык)

Курандын 20 парадан жатка окуу боюнча,

1-орун: Умаров Аятулло, Бишкек шаары. (150 000 сом акчалай сыйлык жана Умра сапарына жолдомо)

2-орун: Умаров Фирдавс, Чүй облусу. (100 000 сом акчалай сыйлык)

3-орун: Лолаев Мехробшо, Ысык-Көл облусу. (80 000 сом акчалай сыйлык)

10 парадан жатка окуу боюнча:

1-орун: Мирбеков Нурмухаммед, Талас облусу. (100 000 сом акчалай сыйлык)

2-орун: Пулодов Мухаммедали, Нарын облусу. (70 000 сом акчалай сыйлык)

3-орун: Сайдамир уулу Аятулло, Ош облусу. (50 000 сом акчалай сыйлык)

Маалымат иретинде, Республикалык Куран жарышы алгач облус, шаарлардык казыяттарда тандоо туру өткөрүлүп, андан 1-орунду багындырып жеңүүчү аталгандар финалдык беттешке жолдомо алышкан.