БТКнын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов Ош шаарынын дин кызматкерлери менен жолукту


Бүгүн, 27- сентябрь күнү БТКнын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жалпы дин кызматкерлери менен борбордук «Имам аль Бухари Алай» мечитинде жыйын өткөрдү.

Жыйында мечиттердин мүлктөрүн каттоодон өткөрүү тартиби боюнча түшүндүрмө берилди. 

«Мечиттин мүлктөрү жеке менчик эмес, аманат экенин тастыктаган инвентаризация болуп саналат«,- деди Бакыт ажы Нурдинов.
Ал эми дин кызматкерлери инвентаризациялоо боюнча бир канча суроолорун беришип, БТК төрагасынан жооп ала алышты.

Жыйынга казыят кызматкерлери, Ош шаарындагы жалпы мечит имамдары катышты.