Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Тогуз-Торо районунун акими жана аймактагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, диний кырдаалды талкуулады

Жалал-Абад облусунун  мусулмандарынын  казысы Нематулла ажы Жээнбеков иш сапары менен Тогуз-Торо районуна барып, Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Мирлан  Карагулов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда тараптар райондогу  диний кырдаал, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты бирге ишке ашыруу, ысырапкерчиликти токтотуу, мечиттердин каттоосун тездетүү жана имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жаатында пикир алышты.

Андан соң облус казысы райондук администрациянын жыйындар залында аймактагы бардык дин кызматкерлери менен жолугушуп, элдин биримдигин бекемдөө, улуттар аралык ынтымакты арттыруу, мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүү,  жаңы курулуп жаткан мечиттердин документ иштерин карап чыгуу, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жаатындагы маселелер талкууланды.

«Райондогу имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып келет. Айыл аймактарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, калкты ар кандай терс диний агымдардан оолак кылууда бардык аракеттер көрүлүүдө»,-деди райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Болотбеков.

Ал эми дин кызматкерлери алыскы тоолуу аймактан келип кабар алган облус казысына ыраазычылык билдирип, имамдардын билимин жогорулатып туруу учурдун талабы экендигин айтышты.