Азирети Муфтийдин орун басары Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган эл аралык онлайн конференцияга катышты

Кечээ, 27-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан акыйда аалымынын илимий мурасына арналган эл аралык онлайн конференцияга катышты. Конференцияга Россия Федерациясынан, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстандан жана 44гө жакын белгилүү дин  аалымдары, эксперттер, изилдөөчүлөр жана диний чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Конференцияны Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Хомиджон Ишматбеков ачып, катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Ал эми Россия мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Дамир ажы Мухиддин  Өзбекстан элине көңүл айтып,  агартуу тармагындагы реформаларды, өзгөрүүлөрдү жана жетишкендиктерди, түзүлгөн илимий -изилдөө институттарынын ишмердүүлүгүн жогору баалады.

Тажикстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Саидмукаррам ажы Абдулкадирзода матурудий акыйдасы боюнча сөз кылып, бул жаатта бир топ эмгектер жаралгандыгын билдирди.

Конференция суроо-жооп менен коштолуп, жыйынтыгында мындай жыйындарды уюштуруу маанилүү экендиги айтылды.