Араванда улуттар аралык мамиле жана радикализмдин, экстремизмдин алдын алууга багытталган жыйын өттү

Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында медресе студенттери  жана айыл өкмөттүн имамдары менен биргеликте улуттар аралык мамиле жана радикализмдин, экстремизмдин  алдын алууга багытталган жыйын өттү. Жыйынга  Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов, райондук этностор аралык агенттиктин жетекчиси Мурадил Тохтасинов жана  укук коргоо органдары катышты.

Баш имам хатиб туура эмес диний агымдардын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын айтып,  улуттар аралык мамилени бекемдөөдө жакшы кулк-мүнөздүн маанилүүлүгүнө токтолду.

«Пайгамбарыбыз (САВ) бейиштен үч кишиге үй алып берүүгө милдеттүүмүн деген. Алар: кулк-мүнөзүн оңдогон адам, тамашалашып болсо да жалган сүйлөбөгөн адам жана өзүнүкү туура болсо да талашып-тартышпаган адам. Демек, кулк-мүнөзүбүздү жакшыртууга көңүл буралы. Жалгандан качалы. Болоор-болбос нерселерди талашуудан оолак бололу», – деп деди баш имам хатиб.