БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов Ош облустук казыят кызматкерлери жана райондук баш имам хатибдер менен жолукту

Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын  төрагасы Бакыт ажы Нурдинов Ош облусуна болгон расмий иш сапарынын алкагында казыят кызматкерлери жана райондук баш имам хатибдер менен жыйын өткөрдү.

«Биздин негизги максат Алланын үйү эсептелген мечиттеги аманат мүлктөрдү туура инвентаризациялоо. Себеби, алар жеке менчик эмес, аманат болуп саналат. Номерлөө менен баарын каттап койбосок, эртең ар кандай кырдаал болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биринчи кезекте финансылык тактык зарыл. Финансылык тактык ачык-айкындуулукту камсыздайт», – деди БТК төрагасы.

БТК төрагасы мындан сырткары облустук казыяттарга жаңы дайындалган бухгалтерлерди 1С программасын терең үйрөнүп, финансылык отчеттуулукту күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев БТК төрагасынын сунуштарын кабыл алып, бул жааттагы иштер боюнча тапшырмалар бериле тургандыгын билдирди.