Ошто «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция башталып, ага чет өлкөдөн дин аалымдары жана эксперттер келишти

Ордолуу Ош шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурлуп жаткан «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференциясы башталып, ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринен дин аалымдары жана эксперттери келишти. Конокторду Ош аба майданынан Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев баштаган казыят кызматкерлери тосуп алышты.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында дин аалымдары  жана эксперттер  докладдарын окушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелерди талкуулашат. Муну менен катар аалымдар мечиттерде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, баяндамаларды жазашмакчы.