«Ислам тынчтыктын тиреги» эл аралык илимий-практикалык конференциясына келген коноктор жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 30-сентябрда «Ислам тынчтыктын тиреги» эл аралык илимий-практикалык конференциясына келген коноктор Президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен жоолугушту.

Жолугушууга Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баш болгон Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан келген коноктор, дин аалымдары жана ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров дагы катышты.

Иш-чарада экстремизм, терроризм боюнча жаштар арасында түшүндүрүү жана профилактикалык иштерин күчөтүү, конфессиялар аралык достукту бекемдөө, жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташууну жакшыртуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында ушул тапта 29-сентябрдан 1-октябрь күндөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурлган «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтүп жатат. Анда учурдагы көйгөйлүү маселелерди талкууланмакчы.