Ошто өтүп жаткан конференцияда “исламдын жашоодогу орду”, “улуттар аралык ынтымак жана коңшулук мамилелер”, “ханафий мазхабынын өзгөчөлүктөрү” аттуу темалар талкууланууда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Ислам тынчтыктын тиреги» эл аралык илимий-практикалык конференциясынын 1-секциясы  Ош Мамлекеттик университетинин жыйындар залында өтүп, ага КР Дин иштери боюнча  мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев, Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Наурызбай ажы Таган уулу, Россия Федерациясынын Муфтийлер кеңешинин төрагасынын орун басарыДамир ажы Мухетдинов, Түркия мамлекетинин  Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк, Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлү, Ташкент шаарындагы «Убай ибни Кааб» жаами мечитинин баш имам-хатиби Абдулхаким ажы Маткулов катышууда.

Конференциянын катышуучулары исламдын жашоодогу орду, улуттар аралык ынтымак жана коңшулук мамилелер, ханафий мазхабынын өзгөчөлүктөрү, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, ислам экстремизмге жана терроризмге каршы, Ислам дининде мазхаб кармануунун зарылдыгы темаларында докладдарын окушууда.

Ал эми пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров “Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат. Мамлекет менен диний уюмдардын кызматташуусу” аталышындагы докладын окуп, конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалады.

Жыйындын соңунда резолюция кабыл алынып, дин башкармалыктардын кызматташуусу талкууланмакчы.

Конференциянын 2-3-4 секциялары «Сулайман-Тоо», «Шейит-Дөбө», «Он-Адыр» мечиттеринде өтүп, ага диний уюмдардын, окуу жайлардын, коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.