Азирети Муфтий Казакстандын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таган уулу жана Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолукту

«Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын  алкагында Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Наурызбай ажы Таган уулу жана Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлү, Ташкент шаарындагы «Убай ибни Кааб» жаами мечитинин баш имам-хатиби Абдулхаким ажы Маткулов баштаган делегация менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда тараптар эки өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө, Дин Башкармалыктар аралык кызматташтык менен тажрыйба алмашууну талкуулашты.

«Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциябызга келип, сунуш-пикириңиздерди айтканыңыздарга ыраазычлык билдиребиз. Кабыл алынган резолюциябыз диний жааттагы бардык талкууланган маселелерди ишке ашырат деген үмүттөмүн»,-деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.