Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Кадамжайдагы дин кызматкерлери менен жолугуп, бир катар чечимдерди кабыл алды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Кадамжай шаарынын борбордук мечитинде дин  кызматкерлери  менен жолугушуу өткөрдү. Облус казысы имамдардын коомчулукта  орду чоң экенин белгилеп,  ар бир имамга Кудайын алдында, андан соң элдин алдында өтө чоң жоопкерчиликтүү милдет жүктөлгөнүн эскертти. Муну менен катар жыйында казыят кызматкерлери менен биргеликте элдин биримдигин бекемдөө, улуттар аралык ынтымакты арттыруу, мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүү, жаңы курулуп жаткан мечиттердин документ иштерин карап чыгуу, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жаатында маселелер талкуланды.

Андан соң облус казысы   25-сентябрь күнү Базар-Коргон шаарында  «Куран жазы» аттуу алгачкы жолку уюштурулган республикалык Куран жарышынын жеңүүчүсү Маллабаев Иброхим карыны жеңиши менен куттуктап,  белектерин тапшырды.

«Бул жеңиш жеке Иброхим карынын эле эмес, облусубуздун жеңиши болду. Анткени жаңыдан илимдин, Курандын жолуна кадам койгон жаш жеткинчектерге  чоң түрткү болот. Баткен облусундагы баардык мусулмандардын атынан, жеке өзүмдүн атымдан Иброхим карыга жана анын окутуучуларына терең ыраазычылыгымды билдирем»,- деди облус казысы

Дин кызматкерлери менен болгон жолугушуунун соңунда диний жааттагы иш-чараларды өткөрүүдө казыят менен макулдашып, атайын пландык негизде уюштуруу чечимин кабыл алышты.