Сузак райондук хатибияты карылар үйүнө 33 миң сомдук азык-түлүк, кийим-кече жана 10 миң сом акчалай жардам тапшырды

1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов Багыш айыл аймагындагы Октябрьский айылында жайгашкан карылар үйүнөн кабар алды. Баш имам хатиб аталган карылар үйүнө 33 миң сомдук азык-түлүк, кийим-кече жана 10 миң сом акчалай жардам  тапшырды. 

« «Карысы бардын – ырысы бар» деп ата-бабалар бекеринен айтышпаса керек. Улууларды урматтоо, сыйлоо кыргыз элинин маданияты. Андыктан улуу муундарыбызды сыйлоону жаштарга үйрөтүү менен аларды ыймандуу кылып тарбиялайлы!»,-деди баш имам хатиб.

Ал эми карылар үйүнүн эмгек жамааты дин кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.