Азирети Муфтий Замир кары Ракиев билим берүү кызматкерлерин куттуктады

Урматтуу мугалимдер, билим берүү жаатында эмгектенип жаткан жана эмгектенген кызматкер!  Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыӊыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Билим күнү биздин маданиятыбызды, каада-салт, үрп-адатыбызды сыйлаган коом үчүн өзгөчө майрам. Себеби, билим берип жаткан мугалим өзүнүн өмүрүн сарптап, балдарды билимдүү, ыймандуу, адептүү, көрөгөч, ата-энесин, бир-туугандарын сыйлаганга, мекенин сүйүүгө үйрөтүү менен эң башкысы «Инсан» кылып тарбиялайт.  Сүйүктүү биздин окутуучулар, сиздерге мүнөздүү болгон күч-кайрат, кесипкөйлүк жана  жаратмандыкка умтулуу билим берүү тармагынын өнүктүрүүгө алып келет.

Ыйык Курани Каримде  «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен»,- деп башталат. Алла Таала инсандарды  билимдүү болууга чакырат.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ): «Албетте, мен мугалим болуп жиберилдим»,-деп айткан.

Билим өнүгүүнүн башаты. Инсан билим алуу аркылуу көптөгөн ийгигиликтерди багындырып, ошол эле учурда билим адамдын жан дүйнөсүн кеңейтет. Инсан бул дүйнөнүн жана акыреттин илимин алуусу керек. Качан гана адамдын руханий жан жүйнөсү оңолсо келечегибиз оңолуп, ар кандай жаман илдеттерден, терс көрүнүштөрдөн оолак болобуз.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдындагы диний окуу жайлардын иштерин жакшыртууга далалат кылып келебиз. Сиздерди Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана КМДБнын окуу бөлүмүнүн атынан жалпы билим берүү жаатында эмгектенип жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөдөгү бардык жакшылыктарды жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салымын кошуучу  билимдүү жаштарды тарбиялоо ишинде албан-албан  ийгиликтерди Жараткан Алла Тааладан тилейм!

Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев