Муфтият айымдар үчүн “Билим жана аял” темасында семинар өткөрдү

Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгын окуу бөлүмү “Билим жана аял” темасында семинар өткөрдү.

Семинарга Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын фатва бөлүм башчысы Султанали ажы Гапуров, КМДБнын окуу бөлүмүнүн кызматкерлери жана лидер айымдар  катышты.

Азирети Муфтий “Исламдагы аялдардын билим алуусу” темасында баяндама жасап, аялзатынын  билим алууга үндөдү.

“Ата-эне ыймандуу, билимдүү болсо, мыкты уул-кыздарыбыз тарбияланат. Эненин үйдөгү орду чон. Биз өнүккөн өлкөнү, ыймандуу коомду курабыз десек, билим алалы!”,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми Жоробай ажы Шергазиев “Динде чектен чыгуу” темасы боюнча маалымат берип, айымдарды расмий булактардан маалымат алууга чакырды.

“Аллаа Таала Куран Каримде динде чектен чыкпоо боюнча мындай айтат: «Эй китеп ээлери! Силер диниңерде чектен ашпагыла! Алла тууралуу чындыктан башканы айтпагыла»! (Ниса сүрөсү:171). Динде аша чабууда бир канча себептер бар. Алар;  “Илимий жана усулдук”, “Психологиялык жана тарбия алуу”, “Социалдык  жана дүйнөлүк”. Андыктан биз билимди туура булактардан алалы!”,-деди Азирети Муфтийдин орун басары.

КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров  үй-бүлөдө балдарга тарбия берүү милдети боюнча баяндама жазаса, окуу бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов лидер айымдардын сапаттарын айтып берди.