Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан Ислам университетине барып, окутуучуларды куттуктады

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Кыргызстан Ислам университетине барды. Шаар казысы жалпы агартуучулардын коомдогу орду  маанилүү экендигин баса белгилеп,  машакаттуу жолдо ийгилик каалады.

«Мугалим — мөмөлүү дарак. Сиздер элибиздин келечегин тарбиялап жатасыздар. Мына бүгүн босогону аттап, окуу жайга келген ар бир студент келечекте мыкты инсан болот», — деди шаар казысы.