Муфтият кереметтүү Курандын кырааттары боюнча ижазасы бар хаафиздерди тандап, сертификат берет

Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү кереметтүү Курандын кырааттары боюнча ижазасы бар хаафиздерди каттоо аземин өткөрдү. Саамалыкка Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов катышып, комиссиянын ишине ийгилик каалашты.

Саамалыктын башкы максаты Кыргызстанда кереметтүү Курандын кырааттарын бекем сактоо, Курандын кырааттары боюнча ижаза берүү чынжырын туура жана тартиптүү нукта өнүктүрүү.

“Максатыбыз өлкө боюнча ижазалуу хаафиздерди аттестациялап, аларга сертификат берүү менен Куранга кызмат кылуу. Муну менен катар ижазалуу хаафиздерди даярдоо жана алардын  жоопкерчилигин күчөтүү”,-деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.

Ал эми КМДБнын окуу бөлүм башчысы кереметтүү Курандын кырааты боюнча ижазалуу Хафиздерди аттестациялоо боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жетекчиси тарабынан атайын аттестациялык комиссиясы түзүлүп, анын курамына Курандын кырааттары боюнча ижазасы жана тажрыйбасы бар хаафиздер киргендигин билдирди.

“Аттестациялык комиссия аттестацияга катышкан ар бир хаафизди баалап, жыйынтыгын чыгарып, алган ижазасына дал келет же дал келбейт деген бүтүм чыгарат. Аттестациядан ийгиликтүү өткөн ижазалуу хаафизге кереметтүү Курандын кырааттары боюнча ижаза берүүгө укуктуулугун тастыктаган сертификат берилет”,-деди Равшан ажы Эратов.