Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары туңгуч Муфтий Кимсанбай ажы Абдырахмановду заярат кылышып, ал абалын сурашты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин кеңешчилери Дүйшөнбек ажы Өтөнбаев, Абдыманап кары Масалиев, Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазиев, Абибилла ажы Кадырбердиев  туңгуч Муфтий Кимсанбай ажы Абдырахмановду заярат кылышып, ал абалын сурашты.

Азирети Муфтий туңгуч Муфтий Кимсанбай ажынын эмгеги диний чөйрөдө зор экендигин билдирип, үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын билдирди.

«Биз дайыма аалымдарыбызга дуба кылып, алардын эмгектерин баалып келебиз. Бул инсандардын динибиздин баалуулуктарын жеткирүүдөгү орду чоң»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми Дүйшөнбек ажы Өтөнбаев эгемендүүлүк алган мезгилдердерди эскерип, дин үчүн жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгын түптөө оңойго турбагандыгын маалымдады.

Зыяраттын соңунда аалымдар туңгуч Муфтий Кимсанбай ажыга дуба кылышып, өмүрүнө береке тилешти.