Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: Биз Куран жаттаган жаштарыбызды колдоого алып, аларга түрткү беришибиз керек

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү кереметтүү Курандын кырааттары боюнча ижазасы бар хаафиздерге  сертификат берүү салтанаты болду. Саамалыкка Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган муфтият кызматкерлери, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана дин аалымдары катышты.

Саамалыктын башкы максаты өлкөдө кереметтүү Курандын кырааттарын бекем сактоо, ижаза берүү чынжырын туура жана тартиптүү нукта өнүктүрүү.

“Биз Куран жаттаган жаштарыбызды колдоого алып, аларга түрткү беришибиз керек. Муну менен катар өз ара ынтымагыбызды бекемдеп, келечек муундарга туура жолду көрсөтөлү. Дин кызматкерлердин билимин жогорулатуу максатында  шейх Ахмад Шарифти чакырып жатабыз. Бул жаатта бардык аракеттер көрүлүүдө”,-деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.

Ал эми жалпы катышуучулар ижазасы бар хаафиздерге дыкат көңүл бурушуп, өздөрүнүн бааларын берип жатышты.