Бишкекте «Мусулман айымдардын биримдиги» аттуу форум өтөт. Мынай чечим Азирети Муфтий «Хисса бинти Зайд» аялдардын коомдук фондунун өкүлдөрү менен жолугушууда кабыл алынды

Бүгүн, 8-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы  «Хисса бинти Зайд» аялдардын коомдук фондунун төрайымы Айнагул Өмүрзакова баштаган айымдарды кабыл алды. Жолугушууда айымдардын коомдогу орду жана алардын адеп-ахлагы,  этикасы жана диний билим алуусу, үй-бүлө, бала тарбилоо багытында иш-чаралардын планы талкууланды.

Эки тараптуу жолугушуунун соңунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  «Хисса бинти Зайд» аялдардын коомдук фонду менен биргеликте «Мусулман айымдардын биримдиги» аттуу  форум өткөрүү чеми кабыл алынды.

«Жалпы аял затына арналган чоң масштаптагы иш-чарабызды алгач Бишкек шаарында өткөрүүнү чечтик. Максатыбыз, аял заты кайсыл гана  тармакта эмгектенбесин, аларга колдоо көрсөтүп,  диний баалуулуктарды жеткирүү болуп саналат»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.