Азирети Муфтий Замир кары Ракиев САПтын “Аlburaq united est” компаниясынын негиздөөчүсү жана директору шейх Заки Комил Абу-Нажи менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгындагы  “Аlburaq united est” компаниясынын негиздөөчүсү жана директору шейх Заки Комил Абу-Нажи менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда эки өлкөнүн достук алакалары жана “Аlburaq united est” компаниясы менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматташтыгы, тажрыйба алмашуу маселеси талкууланды.

Азирети Муфтий шейх Заки Комил Абу-Нажинин өлкөбүзгө жасаган иш сапарына ийгилик каалап, анын сунуш-пикирлерин укту.

“Биздин команда 15 жылдан бери 50дөн ашык өлкөдө умра жана ажылык сапарларын  уюштуруп келет”,-деди  шейх Заки Комил Абу-Нажи.

Жолугушууга Кыргызстандагы Евразия инвестициялык корпорациясынын жетекчиси Улукбек Сагынбаев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев катышты.