Араван районунун баш имам-хатиби карылардан кабар алды

Ош облусунун Араван районунун баш имам-хатиби Алибек ажы Жусупов кары-картаңдардан кабар алды.

«Карысы бардын ырысы бар»,- дейт элибизде. Аксакалдардын батасын сөзсүз алышыбыз зарыл. «Ак сакалдуу карыялар болбогондо балээлер селдей жаамак»,- деген маанидеги риваятты эстен чыгарбашыбыз керек», – деп билдирди Алибек ажы Жусупов.

Саамалык карылар күнүнө карата уюштурулуп, эшикке чыга албай калган карыларга акчалай жардамдар көрсөтүлдү.