Музаффар ажы Турдубаев: Балдарга мээрим төгүү керек

Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Көк-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан «Жийде» мечитинде айыл  тургундары менен жолукту. Жолугушууда балдарга болгон зордук-зомбулуктардын алдын алуу, күзгү жыйын маселелери, биримдик, тазалык маселелери айтылды.

«Балдардын дүйнөсү таптаза. Балдарды пайгамбарыбыз (САВ) сыяктуу камкордукка алып, аларга  мээрим төгүү керек. Аларга жасалган зордук-зомбулук оор кылмыш жана күнөө. Зордук-зомбулук менен чоңойгон өспүрүм эртең ким болуп жетилип чыгат? Коомго канчалык пайда-зыян жеткириши мүмкүн? Ушул суроо баарыбызды ойлондурушу керек», – деди баш имам-хатиб.