Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Козубаев Өзгөндөгү мечиттерди кышка даярдоо тапшырмасын берди

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Козубаев райондун имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйында инвентаризациялоо ишин тездетүү, азанды убагында айтуу жана мечиттерди кышка даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.

«Алдыда кыш келе жатат. Кышкыга даярдыктарды күчөтүү зарыл. Мечитке намаз окуу үчүн келген жамааттын дубасын алалы!», – дейт Акжол ажы Козубаев.   

Белгилей кетсек, учурда Өзгөн районуна караштуу мечиттерде мүлктөрдү каттоо иштери кызуу жүрүүдө.