Кара-Суунун жаштары айыл имамына «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты

Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын жаштары айылдагы «Азатбек ажы» мечитинин имам-хатиби Темирлан Токоевге «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Демилгени айылдын жаштары көтөрүп, аны айылдагы жана Орусия жергесинде эмгектенип жүргөн айылдык жаштар колго алып, имамга автоунаа  тартуулашты.

Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батырбеков демилгечилерге ыраазычылык билдирип, дин кызматкерлерин колдоо аларга түрткү бере тургандыгын билдирди.

«Мындай демилгелер алкоого гана татыктуу. Жүрөк жылыткан бул көрүнүш салтка айланып, башка айылдарга да жайылса экен деп тилек кылабыз. Алла Таала ушул ишти демилгелеген жана колдоо көрсөткөн жаштардын тапканына береке берсин. Коомубузда ушундай саамалыктар көп болсун!»,деди баш имам хатиб.

Эскерте кетсек, автоунаа жума намаздан кийин тапшырылды.