Ошто «Экстремизм, терроризм жана радикалдуу көз караштарга каршы турууда аялдардын ролу» аталышындагы конференция өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы жана Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан «Экстремизм, терроризм жана радикалдуу көз караштарга каршы турууда аялдардын ролу» аталышындагы конференция өттү. Конференцияга КРнын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысыИсакбай Мурзабеков, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы, доктор, доцент Зайлабидин Ажимаматов, Ош шаарынын  мурдагы казысы Рахматулла ажы Касымов, “Абдыжапар” ислам институтунун ректору Нурбек кары Орунбаев жана дин чөйрөсүндө эмгектенген айымдар катышты.

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиевконференцияда “Терроризм, экстремизм жана радикализмге ислам дининин көз карашы” аттуу темада баяндама жасады.

 «Ислам тынчтыктын дини. Улуу Куранда «силмге»  – тынчтыкка киргиле деп айтылган. Динибиз тынчтыктын жарчысы. Бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан радикализм, экстремизм жана терроризм терминдери исламга такыр байланышпайт. Бул сөздөрдү бир гана ислам динине байлоо туура эмес. Урматтуу энелер, эжелер жана карындаштар! Сиздердин коомду тарбиялоодогу ордуңуздар чоң. Сиздер уул-кыздарды татыктуу тарбиялаш үчүн илим-билимге жана туура диний маалыматка ээ болушуңуздар керек», – деди облус казысы.

Ал эми КРнын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабековмындай беделдүү жыйындын өтүп жатышы дин тутуу эркиндигинин шарапаты экендигин билдирди.

 «Жалпыңыздарга маалым болгондой  2021-2026-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынды. Концепциянын бир нече артыкчылыктуу багыттары бар. Алсак, мамлекеттин светтик жана укуктук негиздерин бекемдөө, мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин субъекттеринин потенциалын чыңдоо жана кызматташтыгын кеңейтүү, диний жана дин таануучулук билим берүү системасын өркүндөтүү, диний чөйрөдөгү маалыматтык-агартуучулук саясат жана диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу болуп саналат»,  – дейт Исакбай Мурзабеков.

Муну менен катар  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Кыргызстанда жалпы 3425 диний уюм жана окуу жай катталганын, анын ичинде ислам багытында  2984 уюм болсо, анын ичинде 1 КМДБ, 9 казыят, 2722 мечит, 81 диний кайрымдуулук уюмдар, 171 ЖОЖдор (анын ичинде: 1 университет, 10 институт, 119 медресе, 2 колледж жана 39 диний борбор) бар экенин билдирди.

Шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ар кандай туура эмес пикирлердин, келишпестиктердин алдын алуу үчүн мазхабты бекем кармануу керектигин баса белгиледи. 

«Мазхабты бекем кармабаса, туура эмес пикирлер пайда боло берет. Ошондуктан мазхаб биз үчүн жол болуп, адашуудан алыс кармайт»,-деди шаар казысы.