Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач айылында «Исар» кайрымдуулук фонду тарабынан курулган «Абдирай ата» мечити пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач айылында «Исар» кайрымдуулук фонду тарабынан курулган «Абдирай ата» мечити пайдаланууга берилди. Саамалыкка КР Дин иштери боюнча  мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Кыргызстан ислам университетенин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, «Исар» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Алтынбек Кудайбергенов жана дин аалымдары катышты.

«Курулуш иштери 2020-жылы башталып, 2021-жылдын  30-сентябрында бүткөрүлдү. Курулуш иштерине жана мечиттин салынышына салым кошкондого ыраазычылык билдирем»,-деди КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Мечит заманбап салынып, жарандар үчүн бардык шарттар эске алынган. Ал эми айыл тургундары КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин элибиздин руханий жан дүйнөсүн байытууга кошкон салымы үчүн «Mazda Tribute» үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты.