Сүлүктүдө дин кызматкерлерине жыйын өтүп, анда ысырапкерчиликти токтотуу, терс диний агымдардын алдын алуу жана мечиттерди кышка даярдоо маселеси каралды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынынын мэриясы жана шаардык хатибияттын демилгеси менен дин кызматкерлерине жыйын өтүп, анда жаштарды радикализм, экстремизм жана терроризмден оолак кылуу, ислам дининин баалуулуктарын коомчулукка жеткирүү менен ысырапкерчиликти токтотуу, ден соолукка кам көрүү маселелери каралды.

Сүлүктү шаарынынын мэринин милдетин аткаруучу Бавабек  Ташев  жана Сүлүктү шаарынын  башим имам хатиби Артыкбай  ажы Мадаминов дин кызматкерлерине  өлкөдө диний туруктуулукту сактоо, салттуу ислам дининин жолун улоо жана мечиттерди кыш мезгилине даярдоо боюнча тапшырмаларды беришип, жарандар үчүн жакшы шарттардын түзүлүүсү маанилүү экендигин айтышты.