Самидин кары Атабаев: Өз милдетибизди так аткаралы!

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев  «Абдулла ибн Аббасс» мечитинде ордо калаадагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, анын алкагында шайлоонун үгүт иштерине аралашпоо, социалдык тармактарга туура эмес маалыматтарды жайылтпоо, мечит, медреселерге тиешелүү мүлктөрдү тез аранын ичинде каттоодон өткөрүү, мечиттердин тазалыгына көңүл буруп, кышка даярдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

 «Дин кызматкерлери шайлоонун үгүт иштерине катышпайт. Биз бул жаатта  бир нече жолу дин кызматкерлерине эскерттик.  Бул туурасында Кыргызстан мулмандарынын Дин Башкармалыгынан дагы буйрук бар. Андыктан этият мамиле кылып, өз милдетибизди гана так аткаралы. Жаран катары добуш берели. Элибиздин, жерибиздин ынтымагын, бекемдигин жана саламаттыгын сурап, Жараткандан дуа кылалы. Мечиттерибизди кышка карата даярдыгын тездетели. Өз милдетибизди так аткаралы!»,- деди шаар казысы.