Баткен казыяты ОсОО «Электрокомплекс» ишканасынын демөөрчүлүгү менен 10 даана кислороддук концентраторду облустагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тапшырды

Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты ОсОО «Электрокомплекс» ишканасынын демөөрчүлүгү менен 10 даана кислороддук концентратор жана 450 концентратор үчүн запастык системаларды облустагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна  тапшырды. Аманаатты облустун мусулмандарынын  казысы Нуридин ажы Мамасабиров тапшырып, демөөрчүлөргө өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

«Тапшырылган жабдыктар жарандарыбыз үчүн пайдасын тийгизип,  жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга себепчи болот деп ишенем. Ден  соолукка кам көрүү керек. Ал  чоң байлык»,-деди облус казысы.