Р.Физиевдин КМДБ туурасында айтканы чындыкка дал келбейт жана туура эмес

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы билим берүү, агартуу, түшүндүрүү иштери менен алектенет. Муфтият коркутуу иштери менен алектенбейт. Р.Физиевдин КМДБ туурасында айтканы чындыкка дал келбейт жана туура эмес. Эгерде Р.Физиевге жана үй-бүлөсүнө коркутуулар болуп жатса тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып, маселесин чечүүсү керек, муфтияттын атын жаманатты кылбай.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Р.Физиевди жеке жашоосуна Муфтиятты аралаштырбай, укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.