Араванда айыл имамынын демилгеси менен жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү Чөгөм айылында имамдын демилгеси менен жергиликтүү эл ашар жолу менен 4-класска чейинки окуучулар үчүн 40 орундуу жаңы мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Мектептин ачылышына Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, Араван районунун баш имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, райондун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мырзабек Ахматалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Саамалыкта баш имам-хатиб Алибек ажы куруучуларга жана айыл имамы Маматмуса ажыга Жакшыбаев ыраазычылык билдирип, окуучуларды билим алууга шыктандырды.

«Биз балдарга билим берүү аркылуу чоң жакшылык кылган болобуз. Маматмуса ажы ата себепчи болуп, жаркыраган билим уясы курулуп, окуучуларды кубанычка бөлөдү. Жараткан Алла Таала сизден да, мектеп курууга салым кошкон тургундардан да ыраазы болсун»,-деди ал.  

Чөгөм айылында мектеп элеттин четинде жайгашкан. Окуучулар мектепке барууда 3 чакырым жолду басып, кыйынчылык туудургандыктан кенже класстын окуучулары үчүн өзүнчү мектептин имараты салынды.

Жер тилкесин айыл имамы Маматмуса ажы Жакшыбаев өзүнө таандык жерин бөлүп берген. Анын демилгеси менен буга чейин кенже класстын окуучулары имамдын үйүндө билим алып келишкен.