Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Орусиянын Борбордук Дин Башкармалыгынын жетекчилеринин эки тараптуу саммити онлайн режиминде өттү

Уфада Орусиянын Борбордук Дин Башкармалыгы менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийлеринин эки тараптуу саммити онлайн форматта өттү.

Кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө арналган иш-чарага шейх-ул-Ислам, Орусия Мусулмандарынын Борбордук Дин Башкармалыгынын төрагасы Талгат Сафа Таджуддин, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Орусия Ислам Университетинин ректору Сулейманов Артур Русланович катышты.

Шейх-ул-Ислам Талгат Сафа Таджуддин Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен көп жылдык байланыштар бар экендигин, эки өлкөнүн  ортосунда ар кандай ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө жакшы байланыштар түзүлгөнүнө кубанычта экендигин айтып, өзгөчө диний билим берүү жаатындагы кызматташтыкка токтолду. 

“Баарыбыздын алдыбызда турган көйгөйлөр дагы эле жоюлган жок: радикалдуу кыймылдарды, экстремизмди, эл аралык терроризмдин токтотуу оор жана түйшүктүү процесс. Биз татыктуу кадрларды даярдоого көңүл буруп, терс диний агымдардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруубуз зарыл”,-деди ал.

Ошондой эле ал ислам таалими жана башка жакшы иштер жаатында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана КМШ өлкөлөрүнүн Дин Башкармалыктары менен көбүрөөк кызматташууну керектигин билдирди.

“Билим берүүнү алдыга жылдыруу боюнча Евразия Ассоциациясынын долбоорун карап чыгып,  өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча келишимге кол коюу аркылуу мамилени бекемдөөнү сунуштайбыз”,-деди Орусия Мусулмандарынын Борбордук Дин Башкармалыгынын төрагасы.

Ал эми Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Евразия Ассоциациясын түзүү сунушун колдоорун айтып, эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ислам билими боюнча  Евразия Ассоциациясы 2019 -жылдан бери Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Беларусиянын Дин Башкармалыктары  менен бирге талкууланып келет.

“Жумушчу топ түзүлүп, ассоциация жөнүндө жобо түзүлүп, анын акыркы талкуусу күтүлүүдө. Ноябрдын башында Уфада пландаштырылган конференциянын алкагында жыйын өткөрүп, келишимге коюлат деген үмүттөнөбүз”,-деди . Орусия Ислам Университетинин ректору Артур Сулейманов.