Катар мамлекетинде «Диндер аралык диалог жана башкалар менен мамиледеги айырмачылыктарды рационализациялоо» аталышында онлайн конференция өттү

Катар мамлекетинин  «Доха диндер аралык диалог» борборунун уюштуруусу менен          «Диндер аралык диалог жана башкалар менен мамиледеги айырмачылыктарды рационализациялоо» аталышында онлайн конференция өттү. Коференция алкагында  «Диндер аралык диалог: азыркы жана келечектеги ролу, Катар мамлекетинин конфессиялар аралык диалогу жана цивилизацилар альянсы жаатындагы салымдары, конфессиялар аралык диалог жазуучулардын таразасында, конфессиялар аралык диалогду жайылтууда диний мекемелердин ролун күчөтүү, ислам диний диалог борборлору: таасир жана тоскоолдуктар, Христиан диний диалог борборлору: таасир жана тоскоолдуктар темалары каралып, катышуучулар  докладдарын окушту.

А эми онлайн конференцияга катышкан Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев диндер аралык кызматташуунун дүйнөлүк тажрыйбасы, жалпы адамзатынын баалуулуктарын урматтоонун негизинде болоорун айтып,  бүтүндөй динге ишенгендердин сезимдерин жемелөөгө алдырбастан, диндер аралык тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо зарылдыгы бар экендигин айтты.

«Пайгамбарлардын бардыгы (а.с.) тынчтык орнотуу үчүн Алла Таала тарабынан жиберилген. Акыркы пайгамбарыбыз дагы (САВ)  адамзатынын жанын, мал-мүлкүн жана абийирин куткаруу үчүн жиберилген. Пайгамбарыбыз (САВ)   айткан: «Силер баарыңар бир атадансыңар. Бир энеденсиңер. Адам атаңар топурактан»,-дейт. Демек, жер бетинде адамгерчиликти орнотуу зарыл»,-деди Жоробай ажы Шергазиев.