Жарыя, жарыя, жарыя! Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы «Куран жазы» аттуу Эл аралык Куран жарышын жарыялайт

«Силердин эң мыктыңар Курани Каримди үйрөнүп,  аны өзгөлөргө үйрөткөнүңөр» (хадис)

Жарыя, жарыя, жарыя! Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы «Куран жазы» аттуу Эл аралык Куран жарышын жарыялайт.

Жарыш, КМШ өлкөлөрүнөн чакырылган карылар арасында Куранды жатка окуу боюнча өтөт.

«Куран жазы» аттуу эл аралык Куран жарышы, 30-октябрда  Бишкек шаарындагы Имам Сарахсий атындагы башкы мечитте КМШ мамлекеттеринен келген атактуу хаафиздердин жана өлкөбүздөгү аалымдардын катышуусунда болот.

Кирүү акысыз.

Айымдарга дагы орундар каралган.

Сурап-билүү үчүн: 0770644438

«Акыйкатта, Куран тууралыкка алып барат жана жакшылык кылган момундарга зор сыйлык болоорун сүйүнчүлөйт»! Исра 9-аят.

Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү №264