Муфтият ыйык Курандан ижазасы бар хаафиздерди аттестациялоо, ижазасын тастыктоо комиссиясына мүчөлүккө талапкерлер болуу үчүн талаптарды жарыялайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы (КМДБ) курамындагы диний окуу жайлардын Куран жаттатуучу бөлүмдөрүнүн жана чет элдик Куран борборлорунан касиеттүү Курандын кырааттары боюнча ижаза (лицензия) алып келген хаафиздерди аттестациялоо жана ижазасын тастыктоо комиссиясына мүчөлүккө талапкер болуу үчүн талаптарды жарыялайт.

КОМИССИЯСЫНЫН КУРАМЫНА МҮЧӨЛҮККӨ ТАЛАПКЕРЛЕР  ҮЧҮН КОЮЛГАН  ТАЛАПТАР:

 1- Курандан кыраатары боюнча риваятка (ижаза) лицензия алган болуусу.

 2- Куранды толугу менен Фатихадан баштап Наас сүрөсүнө чейин өзүнүн   

     шейхине бетме – бет окуп  берген болусу.

 3- Куранды кырааттары боюнча эки же төрт шакиртке ижаза берген      тажрыйбасы бар болусу.

 4- “Тухфатул атфалды” жана Аль-жазариййаны жаттаган же алардын       шархынын маанисин билген даражада болуусу.

 5- “Тухфатул атфалдан” жана Аль-жазариййадан да ижазасы болгон       талапкер эң жакшы көрсөткүч деп бааланат.

6- Ал жети кыраатка тиешелүү Шатибия матнын жана он кыраатка тиешелүү Матну ал-Дурраны жаттап түшүнүп билүүсү.

7-  Үч жыл үзгүлтүксүз Куран сабагын жүгүзүп келе жаткан  болуусу.

8- Ахли сүннөт вал жамааттын Матуридия акыйдасын, Ханафий мазхабын карманган, ахлагы жана такыбалыгы менен таанылган болуусу.

9- Комиссияга талапкердин жашы 27 жаштан жогору болуусу.

Аталаган комиссияга мүчө болууну каалаган хаафиз устаздар,  КМДБнын окуу бөлүмүнө документтерин тапшырса болот. Документтерди кабыл алуу 14-октябрдан  29-октябрга чейин уланат.

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР:

-Арыз

-Диплому жана Курандын кырааты боюнча ижазасынын көчүрмөлөрү.

— Өмүр баяны

— Иштеген жеринен мүнөздөмө жана аныктама

ЭСКЕРТҮҮ: Тапшырган талапкерлердин арасынан татыктуусу тандалып алынат.