Бишкекте балдар арасында 2 пара Куранды жаттагандар арасында сынак өтүп, 45 талапкердин арасынан 20 катышуучу сап башына чыгышты

Бишкек шаарындагы  борбордук мечитте 15 жашка чейинки балдар арасында 2 пара  Куранды жаттагандар арасында сынак өтүп, 45 талапкердин арасынан сап башына чыккан 20 катышуучу 2021-жылдын 21-октябрында өтүүчү финалдык турга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Шаар казысы Самидин кары Атабаев катышуучуларга ийгилик каалап, Куран менен жашоого чакырды.

 «Пайгамбарыбыз (С.А.В) айтат: «Силердин эң жакшыңар – Кураанды окугандар жана окуткандар». Куран бардык адамзатты туура жолго баштоо үчүн, караңгылыктан ыйман нуруна, илимсиздиктен илимге жана адамдарды эки дүйнөдө бактылуулука алып баруу үчүн түшүрүлгөн»,-деди шаар казысы.

Муну менен катарСамидин кары Атабаев Куран бүт адамзатына керек болгон баардык нерсени өз ичине камтыган ыйык китеп экендигин баса белгиледи.

«Кураан жаттаган адамга (Бейишке түшкөндө) Окуганыңдын даражасынча (Бейиштин бийик даражаларына) көтөрүл! Аны дүйнөдө кыраат менен окугандай оку! Сенин ордуң окуган акыркы айатыңдын алдында (өтө бийикте) болот!»,-деп айтылат. Куран – Аллах Тааланын сөзү болгондуктан, анын башка сөздөрдөн улуулугу Аллах Тааланын башка макулуктардан улуулугу сыяктуу. Ал эми аны окуу тил сүйлөгөн сөздөрдүн эң жакшысы»,-деди шаар казысы.