Сузакта облус казысы жана райондогу имамдардын катышуусунда диний кырдаал талкууланды

Бүгүн, 19-октябрда  Сузак  райондук  администрациясынын  жыйындар  залында  «Райондогу  диний  кырдаал, улуттар  аралык  ынтымак жана биримдүүлүк»  деген аталышта  жыйын  өттү.

Жыйынга  Жалал-Абад  облусунун  мусулмандарынын  казысы  Нематулла  ажы Жээнбеков,  Сузак  райондук  мамлекеттик  администрациясынын   башчысы, аким  Баратбек Сыдыкназаров,  администрациянын  аппарат  жетекчиси  Ислам  Тиленбаевич,  баш  имам  хатиб  Жунус  ажы  Исмаилов, улуттар  аралык  коомдук  кабылдаманын  координатору  Турдукул Караев жана  райондогу баардык  мечит  имамдары,  УКМК,  РИИБ кызматкерлери   катышты.

Саамалык Сузак  райондук  хатибияты  тарабынан  уюштурулуп,  райондогу  диний  кырдаалды  жөнгө  салуу,  ынтымак  жана биримдүүлүктү  бекемдөө  максатында уюштурулгандыгын баш  имам  хатиб   Жунус  ажы    Исмаилов  билдирди.

Ал эми Жалал-Абад  облусунун  мусулмандарынын  казысы  Нематулла ажы Жээнбеков адамдардын жан-дүйнөсүндө таза сезимдер, ойлор жана ниеттер гана болууга тийиш экендигин айтып, жүрөгү таза адамдын ыйманы да күчтүү болоорун баса белгиледи.

«Сүйүктүү мусулман бир туугандарым! Бизге азыр  туруктуулук, ынтымак менен сабырдуулук абдан зарыл. Ислам – адамдардын ортосундагы ынтымакты бекемдеп, бөлүнүп-жарылуу, бүлгүн салуу, бузукулук кылуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү жок кылууга негизделген улуу дин»,-деди облус казысы.

Сузак   райондук  мамлекеттик  администрациясынын  жетекчиси, аким  Баратбек Сыдыкназаров  имамдардын  элге,  динге    кылган  мээнетин  баалап,  16  имамга  ардак  громата тапшырса, райондун баш  имам  хатиби Жунус  ажы Исмаиловго Сузак  районунун  «Ардактуу  атуулу»  наамы  берилип,  жалпы дин кызматкерлеринин  иштерине  ийгиликтерди  каалады.