Кара-Суудагы «Абдуррахман ибни Ауф» медресесинин мурдагы жетекчиси, маркум Рахматулла ажы Басировду эскерүү аземи болуп, эмгектери үчүн бөлмө ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жийделик айылында жайгашкан «Абдуррахман ибни Ауф» медресесинин мурдагы жетекчиси, маркум Рахматулла ажы Басировду эскерүү аземи болуп өттү. Бул күнү Рахматулла ажыга арналган музей көргөзмөсү уюштурулуп, атайын бөлмө ачылып, анда колдонгон китептери, буюмдары, тарыхий мааниге ээ сүрөттөрү коюлду.

Иш-чарага Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнүн адиси, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, медресе мугалимдери жана студенттер  катышты.

«Замандашыбыз Рахматулла ажы чыныгы аалым эле. Ал өмүрүн дин кызматына жана студенттерге илим үйрөтүүгө арнады. Медресени түптөп, заманбап мечиттин курулушуна эбегейсиз салым кошту. Анын этностор аралык достукка салым кошконун айтпай кетүү туура болбос»,– деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Иш-чарада маркум Рахматулла ажынын элесинин өчпөсү, эмгегинин унутулбасы айтылды. Муну менен катар медресе бүтүрүүчүлөрүнө пандемия себептүү артка жылдырылып келген диплом тапшыруу аземи дагы уюштурулду.