Азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарындыгы дин кызматкерлери менен жолугуп, алардан кабар алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарындыгы дин кызматкерлери менен жолугуп, аймактагы диний кырдаал менен таанышты. Муну менен катар Азирети Муфтийдин орун басары аялдардын диний окуу борборунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, КМДБнын курамындагы мечит, медресе жана башка жерлерде диний иш-чараларды уюштурууда муфтият менен макулдашуу, мамлекеттик каттоодон өтө элек мечиттердин тиешелүү иш кагаздарын тездетүү, 5-токтомдун аткарылышы жана дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу жаатында пикир алышты.

«Ар бир иш-чараны макулдашуу менен өткөрүп, эң оболуу диний жаатта эл менен тыгыз бололу! Дин кызматкерлерибиздин билимин жолугулатууда КМДБ бардык аракеттерди жумшап келүүдө. Элибиздин тамак-ашын адалдоодо муфтияттын «халал индустриясын өнүктүрүү» бөлүмү менен казыят тыгыз иштесин»,-деди Жоробай ажы Шергазиев.

Ошондой эле Азирети Муфтийдин орун басары дин кызматкерлерине мечиттерди таза кармоо, кышка даярдануу, диний окуу жайлардагы билим берүү программаларын дыкат көзөмөлдөө, жергиликтүү билийлик өкүлдөрү менен иштөө боюнча бир катар тапшырмаларды берди.