Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кыз-келиндер үчүн диний окуу жай ачылып, колдонууга берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында кыз-келиндер үчүн  диний окуу жай ачылып, колдонууга берилди. Окуу жай 50 орунга ылайыкташтырылып, тиешелүү документтери бүткөрүлүп, мамлекеттик каттоодон өттү.

Салатанттуу иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематилла ажы Жээнбеков, райондун баш имам хатиби жана бир катар дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«Аял дегенде сөздүн аталышынан эле аярлай турган назик, алсыз, бирок асыл затты түшүнөбүз. Аялзаты табиятынан коргоого, колдоого муктаж. Аялзатын урматтоо, барктоо, коргоо жагынан ислам дининдей эч бир дин жок. Андыктан балдарды билимдүү кылууну кааласак анда энелербизди илимге сугаралы!»,-деди облус казысы.