Азирети Муфтий Замир кары Ракиев «Мутакалим» коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы баштаган айымдардын жамаатын кабыл алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Мутакалим» коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы баштаган айымдардын жамаатын кабыл алды.

Жолугушууда Азирети Муфтий «Мутакалим» коомдук уюмунун 20 жылдагы аткарган жемиштүү ишин баалап, Дин Башкармалыктын атынан ыраазычылык билдирди. Муну менен катар Азирети Муфтий 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын алкагында иш-чараларды биргеликте уюштуруу, айымдарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу жана алардын билимин жогорулатуу жаатында пикир алышты.

«Мутакалим» коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы «жаштардын ден соолугу» жана «жарандык билим» жөнүндөгү колдонмолору менен тааныштырып, кызматташууга даярдыгын билдирди.

Андан соң тараптар мындан аркы пландар, программалар боюнча сүйлөшүп, кызматташууну билим берүү жаатында бекемдөө керектигин айтышты.

«Азыр мамлекетибизде тынчтык менен биримдиктин, туруктуулук менен эл арасындагы ынтымактын болуусу зарыл. Андыктан башыбызды бириктирип, динибиз, элибиз үчүн биргеликте иш алып баралы»,-деди Азирети Муфтий.