Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов дин кызматкерлеринин отчетторун угуп, үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Руслан ажы Жумагулов Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресесинде жалпы дин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын отчетторун укту. Көчмө жыйынга катышкан дин кызматкерлери  мечит, медреселердин абалы, кышка даярдыгы, каттоо маселеси, окуу жайлардагы билим берүү системасын жакшыртуу, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат беришти.

Облус казысы имамдар жана диний окуу жайдагы мугалимдердин тыгыз кызматташуусу маанилүү экендигин айтып, эл арасында терс диний агымдар, зордук-зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлө институтун бекемдөө багыттары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Андан соң казыяттын эмгек жамааты «Равза» медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттердин окууларына ийгилик каалады.