Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев ордо калаадагы «Биринчи кадам» мекемесине барып, окуу жайдын студенттери менен жолугушту

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев ордо калаадагы «Биринчи кадам» кайрымдуулук мекемесин зыярат кылып,  окуу жайдын окутуучулар курамы жана студенттер менен жолугушту.

Алгач шаар казысы окутуу программасы менен таанышып, окуу процесстеринин жүрүшү, окуучуларга түзүлгөн шарттарды менен көрүп чыкты.

«Биздин Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын окубай туруп, туура эмес деп сын таккандар көбөйдү. Алардын көпчүлүгү диний билимди, эч кандай усулдары (эрежелер) жок эле сырттан окуп келгендер. Билим алуунун өзүнчө усулдары бар. Усул болбосо инсан адашат. Мына ошондуктан терең билим алып, диний сабаттуулукту жогорулатуубуз зарыл. Анткени, элдер диний сабатсыздыктын айынан ар түрдүү туура эмес диний агымдарга кирип кетүүсү мүмкүн. Башка агымдардын азгыруусуна бөгөт коелу», — деди шаар казысы Самидин кары Атабаев.