Ош облустук казыятында «Абдыжапар» ислам институтунун студенттерине семинар өткөрүлүп, Ханафи мазхабын терең өздөштүрүү керектиги айтылды

Ош облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында «Абдыжапар» ислам институтунун окутуучулары жана студенттерине семинар өткөрүлдү. Семинарга  Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, «Абдыжапар» ислам институтунун ректору Нурбек кары Орунбаев, институт окутуучулары жана студенттер катышты.

Студенттердин окуусуна ийгилик каалаган облус казысы төмөнкүлөргө мазхаб кармануунун зарылчылыгына токтолуп, Ханафи мазхабы боюнча тереңдеп билим алууга чакырды.

Ал эми диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө баяндама жасаган КР ДИМКнын ТАББ директору дин кызматкерлери жоопкерчиликтүү болууга тийиш экендигин, бир гана институт же мечитте эмес, бардык жерде адеп-ахлакты, адамгерчиликти жана жөнөкөйлүктү көрсөтүү зарыл экендигин айтып өттү.

Семинардын алкагында мугалимдер жана студенттер Кыргыз Республикасындагы дин тутуу боюнча мыйзамдар, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, тыюу салынган диний уюмдар жөнүндө терең маалымат алганын институт ректору билдирди.