Ош облусундагы имамдар алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуудан өтүштү

Ош облустук казыятка караштуу 10дон ашуун мечит имамы алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окуудан өттү. Окууну «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому» коомдук бирикмесинин Ош облустук өкүлчүлүгү өткөрдү. Тренингдин жыйынтыктоочу бөлүгүнө катышкан Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев ислам дининин медицинага көз карашы түз экенин баса белгилеп:

«Динибиз адам жанына, саламаттыгына абдан көңүл бурат. Ислам дининде бир адамды сактап калуу бүткүл адамды сактап калууга тете деген улуу кураний принцип бар. Бул окуу имамдарыбыз үчүн пайдалуу болду деп ойлойм», – деди облус казысы.

Эки күн бою имамдарга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окуу уюштурган КР УКАКтын облустук өкүлдөрү, тренер Галина Глебова жана Бакыт Абдималик уулу дин кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

«Биз, «Кыргызстан Кызыл Ай коому», Кыргызстандагы алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окуткан жалгыз уюмбуз деп айта алам. Мындай окутууну ар жылы өлкөнүн бардык аймактарында калктын ар кандай катмарына үйрөтүп келебиз. Алардын катарында эл менен тыгыз иштешкен жана таасири көп болгон имамдар да бар. Имамдардын коомдогу орду абдан чоң. Ошол себептен бул окуу алар үчүн өтө пайдалуу жана керектүү. Тренинг теория жана практиканын негизинде өткөрүлдү. Катышуучулар абдан активдүү болуп, окуу натыйжалуу жыйынтыкталды», – деди, Бакыт Абдималик уулу.

Эскерте кетсек, аталган коомдук бирикме алгачкы жардам боюнча окутууну жыл сайын улантып келет.