Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Дагестан Республикасынын Улуттук саясат жана дин иштери боюнча министри Энрик Муслимов баштаган делегация менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Дагестан Республикасынын Улуттук саясат жана дин иштери боюнча  министри Энрик Муслимов, Дагестан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Шамиль Алиханов баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун  жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашып, Азирети Муфтий Замир кары Ракиевди расмий иш сапары менен Дагестан Республикасына келүүгө чакырышты.

“Биз коомчулуктун, элибиздин диний сабаттуулугун мындан дагы жогорулатууда кызматташууга даярбыз. Кыргыз мамлекети көп улуттуу болгондуктан негизги максатыбыз конфессиялар аралык ынтымакты, достукту жана биримдикти бекемдөө”,-деди Азирети Муфтий.